Аныктама

Википедия дан

Аныктама, же дефиниция – кандайдыр бир объекти айырмалоого, издеп табууга, курууга, илимге жаңы киргизилип же такталып жаткан терминдин маанисин аныктоого жардам берген логикалык ыкма.

Аныктамалардын көп түрдүүлүгү Аныктамалардын милдеттери, логикалык структурасы ж. б. менен шартталган. Реалдуу Аныктамалардын жардамы аркасында нерселер өздөрүнө ганаспецификалуу) мүнөздөмөлөрү (касиеттери жана алакалары) менен айырмаланышат. Алар теги жана түрдүк аныктамалары аркылуу Аныктама формасына ээ болот (Мисалы: кычкылтек элемент (тек) болуп саналат, анын атомдук салмагы 16га барабар (түрдүк өзгөчөлүк). Номиналдык Аныктамалардын жардамы аркасында татаал сөз айтымдарын кыскартуу үчүн илимге жаңы терминдер киргизилет, алардын маанилери аныкталат, такталат ж. б.

Семантикалык Аныктамаларда аныкталгыч тилдеги кандайдыр бир сөз айтымы, ал эми аныктагыч кандайдыр бир нерсе болуп саналат (Мисалы: «беш бурчтук» деген сөз беш жагы бар көп бурчтукту билдирет). Ошол себептен аныктагыч менен аныкталуучуну өз ара алмаштырууга тыюу салынган. Мындай алмаштыруу синтаксисттик Аныктамаларга карата гана колдонулат. Анткени, синтаксисттик Аныктамаларда аныкталгыч жана аныктагыч бир эле мезгилде объект же белги болуп саналышат. Генетикалык Аныктамаларда аныкталгыч предмет аны пайда кылуунун, жаратуунун, түзүүнүн ыкмаларын көрсөтүү аркылуу пайда болот (Мисалы: «айлана кандайдыр бир тегиздиктеги кыймылсыз чекиттин тегерегинде айлануу жолу менен пайда болгон туюк ийри сызык болуп саналат»). Аныктамалар аныкталгыч менен аныктагычтын өз ара дал келүү эрежеси, жарабаган айлампага тыюу салуу эрежеси ж. б. белгилүү бир эрежелерге баш иет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]