Терминдер

Википедия дан

Терминдер - профессионалдык лексика, белгилүү кесипке байланыштуулугу жагынан терминдерге жакын. Ошондуктан профессионалдык сөздөр менен терминдерди бириктирип атайын лексика деп да аташат. Термин (латын сөзү «termizүs” – «чек», «чек ара») деп илимдин, техниканын, искусствонун, чарбанын жана экономиканын жана башка тармактарга тиешелүү атайын түшүнүктөрдү так атоо үчүн колдонулган сөз же сөз айкашы аталат. Алар кесип сөздөрүнөн төмөнкү белгилери менен айырмаланат:

  • 1) Терминдерде көп маанилүүлүктүн, өтмө маанилүүлүктүн, экспрессивдүүлүктүн жоктугу, тактап айтканда, бир илимдин же техниканын тармагындагы бир термин бир гана түшүнүктү туюндуруп, бир гана маанилүү болушу керек;
  • 2) Терминдер тигил же бул түшүнүктү так атоо үчүн тилдик закон ченемдерге, эрежелерге ылайыкталып, лексикалык моделдердин үлгүсүндө атайын иштелип чыгат жана мамлекеттик же илимий мекемелер тарабынан официалдуу түрдө кабыл алынат.

Ар бир илимдин, техниканын, искусствонун жана башка тармактардагы терминдердин жыйындысын терминология изилдейт. Ар кайсы тармактарга тиешелүү болгон терминдерге мисал келтирсек:

  • а) коомдук илимдер боюнча-материя, аң-сезим, диалектика, революция, партия, капитализм, социализм, коммунизм, базис, экономика, диктатура, пролетариат жана башка;
  • б) физика боюнча-механика, оптика, атом энергиясы, магнит талаасы, салыштырма салмак, чыңалуу, инерция, ылдамдык, кванттык электродинамика жана башка;
  • в) математика боюнча-синус, косинус, үч бурчтук, квадрат, теңдеме, параллелипипед, дифференциал, интеграл, плюс, минус, тамыр, көптүк, туюнтма, амал, бөлчөк, бөлүү, көбөйтүү жана башка;
  • г) медицина боюнча-ангина, диагноз, стрептоцид, наркоз, хирург, окулист, профилактика, грипп, миокард, пинцет, анализ, теапия, лейкемия жана башка;
  • д) лингвистика боюнча-лексика, фонетика, фонема, сингармонизм, грамматика, сүйлөм, сүйлөм мүчөлөрү, сөз түркүмдөрү зат атооч, сын атооч, этиш, атоочтук, чакчыл, морфема, орфография, орфоэпия, синоним, омоним, антоним жана башка;
  • ж) адабият боюнча-поэма, проза, роман, повесть, сюжет, композиция, жанр, эпос, лирика, драма, комедия, трагедия, пролог, эпилог, жомок, ыр жана башка;
  • з) спорт боюнча-футбол, баскетбол, хоккей, тайм, гол, дарбаза, дарбазачы, күйөрман, шахмат, чемпион, гроссмейстер, старт, финиш жана башка.
  • Терминдердин пайда болушу жана өнүгүшү ар бир илим, техника, өндүрүш тармагындагы жылыштарга, ачылыштарга байланыштуу болот. Кыргыз тилинин терминологиясы Октябрь революциясынын кийинки мезгилде гана иштелип чыгып, калыптанды. 1926-жылы терминологиялык комиссия түзүлүп, ошондон бери ийгиликтүү иштеп келе жатат. Азыркы кезде кыргыз тилинде 80ден ашык терминологиялык сөздүктөр бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]