Билим берүүнү каржылоо

Википедия дан

Билим берүүнү каржылоо – бардык типтеги билим берүү мекемелеринин муктаждыктарына акча каражаттарын бөлүп берүү.

Мамлекеттик билим берүү уюмдарын каржылоо билим алып жаткан ар бир адамга иш жүзүндө жумшалган чыгымдарды ырааттуу көбөйтүү принцибинин негизинде билим берүү мекемелеринин бардык түрлөрү менен типтери боюнча каржылоонун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен ченемдердин негизинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ж. б. булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик эмес билим берүү уюмдарын каржылоо акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарынын, уюштуруучулардын каражаттарынын, о. э. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,