Билим берүү мекемесинин (уюмунун) менчиги

Википедия дан

Билим берүү мекемесинин (уюмунун) менчиги - – билим берүү мекемелерине таандык болгон жана уставдык милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн керектелүүчү мүлк.

Билим берүү мекемеси өз уставында аныкталган мүлккө ээ болууга, пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу. Өзүнүн уставына ылайык билим берүү ишин камсыз кылуу максатында уюштуруучу билим берүү мекемесине уюштуруучуга таандык болгон же үчүнчү жактан (менчик ээсинен) ижарага алган менчик укугунун объекттерин (жерди, имараттарды, курулуштарды, мүлктү, жабдууларды, о. эле социалдык, маданий ж. б. зарыл болгон мүлктү) бекитип берет. Өз алдынча башкаруу органдары билим берүү мекемелерине жер участокторун акысыз жана мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп беришет.

Мамлекеттик билим берүү мекемелеринин имараттары жана материалдык-техникалык базасы менчиктештирилбейт. Мамлекеттик эмес билим берүү мекемелери аларга мурда бекитилип берилген же алар ижарага алган мамлекеттик же коммуналдык менчикти сатып алуунун артыкчылыктуу укугунан пайдаланышат.


  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,