Билл Мүррей

Википедия дан

Уиллям Жеймс Мүррей (англ. Bill Murray; 1950-жылы 21-сентябрда туулган( - америкалык актер, куудул, жана жазуучу. Ал биринчи Saturday Night Live (англ.Алтынчы күнү кечинде түз эфирде) деген кечки оюн-зоок шоусуна катышып, "Эмми" сыйлыгын алган, кийинчерээк " Котлет" (англ. Meatballs, 1979), "Гольф клубу" (англ. Caddyshack, 1980), "Сызык" (англ. Stripes, 1981), "Татына" (англ. Tootsie, 1982), "Арбактарга аңчылык" (англ. Ghostbusters, 1984 ), "Сараң бай" (англ. Scrooged, 1988), "Арбактарга аңчылык -2" (англ. Ghostbusters II, 1989-ж), Боб эмне болду (англ. What About Bob, 1991) сыяктуу тасмаларда тартылган. "Суур майрамы" (Groundhog Day, 1993) деген фильмде дагы роль жараткан. Ошондой эле "Бат өзгөрүү" (Quick Change, 1990-жыл) тасмасында режиссердун жардамчысы болгон.

Мүррей кино искусствосундагы атак-даңкка кийинчерээк "Которуудагы кыйынчылыктар" (англ. Lost in Translation, 2003) тасмасындагы ролу аркылуу жеткен. Бул роль ага "Алтын глобус" сыйлыгын, Британия кино жана теле искусство академиясынын "Эн мыкты актер" номинациясындагы сыйлыгын жана "Эң мыкты актер" номинациясында "Оскар" сыйлыгын алып келген. Актер "Арбактарга аңчылык" (англ. Ghostbusters), "Рашмор мектеби" (англ. Rushmore, 1998), "Гудсондогу Гайд-Парк" (англ. Hyde Park on Hudson, 2012), "Ыйык Винсент" (англ. St. Vincent, 2014) тасмалары үчүн "Алтын глобус" сыйлыгынын номинацияларын алган. 2014-жылы тартылган "Оливия Киттериж" (англ. Olive Kitteridge, 2014),деген кыска сериалындагы ролу үчүн Б.Мүррей өзүнүн экинчи "прайм-таймдык "Эмми" сыйлыгын" жеңип алган.

Актер 2016-жылы америкалык мыскыл-тамашага кошкон салымы үчүн "Марк Твен" атындагы сыйлыкты алган

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]