Бильбро шаары

Википедия дан
Бильбро.

Бильбро шаары - Испаниянын түндүгүндөгү порт шаар. Атлантика океанынын Бискайя булуңунун жээгинде, Нервьон дарыясынын төмөнкү агымында жайгашкан. Бильбро Баск өлкөсүнүн жана Бискайя провинциясынын администрациялык борбору. Калкы 352,3 миң (2004). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Кара металлургия, оор машина куруу, химиялык, нефть ажыратуу, текстиль, тамак-аш, айнек, кагаз өнөр жайлары, музей, университет иштейт. Готика стилиндеги сепил (14-кылым), «модерн» стилиндеги ратуша (1890, арх. Руков) сакталган. 1300-ж. негизделген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]