Биокостук система

Википедия дан

Биокостук система, системада тирүү организмдер жана орг. эмес материя (костук зат) бири-бири менен тыгыз байланышкан. Бул костук жана тирүү заттарга бири-бирине өтүп кетүү мүнөздүү. Эң биринчи Б. с-нын (топурактын) ачылышы В. В. Докучаевдин изилдөөсү менен байланыштуу. Андан кийин Б. с. жөнүндөгү окууну В. И. Вернадский уланткан. Б. с-га топурактан башка балчык, жаратылыш суулары ж. б. ландшафттар кирет. Азыркы убакта Б. с-га техногендик фактор өтө күчтүү таасирин тийгизип жатат. Ошондуктан техногендик Б. с. пайда болууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4