Биологиялык мембраналар

Википедия дан

Биологиялык мембраналар - клеткалардын, алардын ичиндеги бүртүкчө, каналча, ыйлакчалардын беттерин каптап турган эң жука түзүлүштөр. Б. м-дын калыңдыгы 100 Å ден ашпайт, көбүнчө 3 катмардан турат: ортоңку, калыңд.35 Å болгон биомолекулалык липиддик жана аны 2 жагынан каптаган, ар бири 20 Å калыңдыктагы белоктук катмар. Б. м-дын кээ биринде липид жана белок химиялыкбайланышта болгон бир аз углевод бар. Ал мембрананын сырткы бетинде жайгашкан.Клеткадагы зат алмашуу процесстери, заттарды бир жерден экинчи жерге ташуу, энергиянын бир түрүн экинчи түрүнө айландыруу, нерв импульстарын пайда кылуу, фагоцитоз жана пиноцитоз. Б. м-дын катышуулары менен гана ишке ашат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]