Биологиялык обочолонуу

Википедия дан

Биологиялык обочолонуу - бир түрдүн өзүнчө жашаган топторго ажыроо процесси.

Биологиялык обочолонуу популяциялардын өзүнчө жашаган топторунун өз ара аргындашуусунун токтолушунан келип чыгат. Бул экологиялык шарттардын өзгөрүшүнө байланыштуу. Организмдердин сырткы чөйрөнүн шарттарына ыңгайланышы, өзүнчө ажыраган экотиптердин, расанын, түрчөнүн ар түрдүүлүгүн пайда кылат.

Мис, Ысык-Көлдөгү алабуга балыгынын 2 түрү (кышкы жана жайкы) бар. Кышкы алабуга апрелде уругун көлгө, жайкы алабуга июлдан баштап агын сууга таштайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.