Биолюминесценция

Википедия дан
Panellus stipticus.
Балыр Lingulodinium polyedrum.

Биолюминесценция (био.. . жана люминесценция) - тиричилик процесстерине байланыштуу организмдердин байкаларлык жарык чыгаруусу.

Биолюминесценция көптөгөн бактерияларда, жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктөрдө, кай бир омурткасыздарда, балыктарда бар. Айрыкча океан, деңиздерде жашоочу организмдерде көп таралган. Биолюминесценциянын биологиялык мааниси ар түрдүү. Тереңде жашоочу балыктар жарыгы менен жемди өзүнө жакындатса, кээ жаныбарлар жаркыраган суюктукту чачуу менен жырткычтардан сактанат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.