Биометрикалык паспорт

Википедия дан

Биометрикалык паспорт деген эмне?[түзөтүү | булагын түзөтүү]

294 × 305px

Биометрикалык паспорт сырткы көрүнүшү боюнча кадимки эле паспортко окшош. Бир гана айырмачылык, биометрикалык паспортко документтин ээсинин сүрөтү, жеке маалыматтары: аты-жөнү, туулган датасы, паспортту алган жана мөөнөтү бүтө турган даталар, паспорттун номери жана башка ар кандай кошумча маалыматтар камтылган атайын микросхема орнотулат. Дүйнөлүк стандарт боюнча микросхемада көздүн кубулмалуу челинин сүрөтү же бармак издери сыяктуу атайын биометрикалык маалыматтар камтылышы керек. Артыкчылыгы – паспорт менен жумуш бүтүрүү процесстеринде кезек күтүү узакка созулбайт. Себеби андагы маалыматтарды атайын аппараттын жардамы менен автоматтык түрдө көчүрүп алууга болот. Ошондой эле өздүк маалыматтарды (мисалы, бойдоктор турмуш кургандыгы же жарандын жер которгондугу тууралуу жана башка маалыматтарды) киргизип же өзгөртүүгө мүмкүн. Терс жагы катары эксперттердин пикирин эске алууга болот. Эксперттер «биометрикалык технологияларды колдонуу адамдын эркиндигин чектөөгө алып келип, тагыраагы, алардын үстүнөн көзөмөлдөө механизми жаралат» дешет. Маалыматтарга ылайык, Кыргызстан биометрикалык маалымат үчүн көздүн кубулмалуу челинин сүрөтү, 10 манжанын изи жана санариптик сүрөттү киргизүү керектигин тандашкан. Бирок бул азырынча акыркы чечим эмес.

Дүйнөдө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биометрикалык паспортту биринчи болуп АКШ 2006-жылдан тартып колдонуп баштаган. Мындай документти колдонуу идеясы 2001-жылдын 11-сентябрында Америкадагы дүйнөлүк соода борборлорунун террористтер тарабынан жардырылуусунан кийин келип чыккан.

Шилетемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ширин Турдакунова, "Супер-Инфо" гезити [ADiLET SYDYKOV]