Биосаясат

Википедия дан

Биосаясат – саясий феномендерди изилдөөдө биологиялык түшүнүктөрдү жана ыкмаларды пайдаланууга колдонгон концепция. Биосаясат соцбиологиядан айырмаланып, Э. Вильсон боюнча, жүрүм-турумдун коомдук формасын изилдөөдө эволюциялык көз караш менен карап, эскирип калган социалдык турмушту жөнгө салуучу формалары катары аларды талкуулоодон четтеп турат. Саясий турмуштагы биологиялык факторлор Платон жана Аристотель тарабынан эле бааланып, алар айрым адамдар, табияты боюнча кулдар жана аялдар эркектерге баш ийүүсү керек дешкен. Мында негизги сөз ири саясий философиянын ачылышында болгон: саясат адамдын сезими тарабынан табигый түрдө жаралат. Бул проблема кийин Н. Макиавелли, Т. Гоббс, Дж. Локк тарабынан изилденген, ХIХ к. бул маселеге социал-дарвинизмдин жактоочулары, ХХ к. фрейдисттер, соцбиологдор кайрылышкан. Агрессия, зордук, коргоо реакциялары, жүрүм-турумду координациялоо – Биосаясатка жакындаштырылган. Мисалы, үстөмдүк кылуу топтун калган мүчөлөрүнүн көңүлүн буруу ыкмасы катары каралган (бул феномен биологияда жакшы изилденген). Ушундай өзүнө тартуунун эки тиби бар: 1) агониялык (коркутуу жана күч аркылуу); 2) гедониялык (кичи пейилдик, тынчтандыруу, сыйлоо). Приматтардын жүрүм-туруму көрсөткөндөй, лидерди бөлүп чыгаруу үчүн «төрткө», б. а., өтө стресс абалы керек болот. Негизинен лидерликке шыктуу инсандар стресске башкаларга караганда жакыныраак.
Лидер же ар бир эле адам үчүн маанилүү факторлор: мээдеги процесстердин структурасында психофизиологиялык жандануулардан башка да, ден-соолук, физиологиялык жарамдуулугу, энергиялуулук, кебете, бою жана салмагы сыяктуулар чоң мааниге ээ. Ошондой эле лидердин биологиялык ритми («түнкү» же «таңкы» инсан), тамактануу ыкмасы, көзөмөлдөө методу, физиологиялык өлчөмдөрүн билүү маанилүү. Биосаясатты изилдөөчүлөр андан башка «дененин тили», «дененин кыймылы», өң түзүлүшү, социалдык ролу канчалык таасирге кире алгандыгы сыяктуу феномендердин айланасында топтолушу мүмкүн. Баскан-турганы, кийген кийими, адамдар менен мамилеси да кирет. Биосаясатта саясий жүрүм-турумдун жыныстык жаш курактын өзгөчөлүктөрү каралат. Ошондой эле төрөлүүгө көзөмөл жасоону анализдөө да кирет. Мис., Францияда төрөлүүнү жактоо, сыйлоо, Кытайда тыюу салуу ж. б. адам ресурсун жөнгө салуу масштабында жүргүзүлөт. Мисалы, католиктердин арасында бойдон алдырууга тыюу салуу реалдуу максатты көздөйт, башкача айтканда «чиркөөнүн күчүн сан жагынан көбөйтүү», ХХ к. 80-ж. АКШда бул маселе өтө курч турган. Негизинен Биосаясат жалпы биологиялык мыйзамдарга таянып, социалдык-саясий турмушту жөнгө салуунун механизмдерин изилдейт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: А. Акунов Ред. кеңеш: Б. Солтонбеков (төрага), А. Акунов, Т. Ожукеева, К. Байболов, ж.б