Биоталык катнаштар

Википедия дан

Биоталык катнаштар – тирүү организмдердин ортосунда азыкка, жашоо ареалын, коргонууга же кол салууга байланышкан түрдүү мүнөздөгү катнаштары.
Мисалы, жырткычтык, митечилик, комменсализм, мутуализм, нейтрализм, аменсализм, симбиоз, зоохория ж. б. Биоталык катнашдын натыйжасында бир түрдүн популяциясынын санын жөнгө салып, башка бир үчүнчү түрдүн популяциясынын жашоосун, өсүүсүн камсыз кылат, башкача айтканда ушул биоталык катнаштын натыйжасында белгилүү бир тарыхый эволюциялык убакытта кызмат аткарып (заттарды биол. жол менен айландырып) чексиз жашоочу биол. системага айланат. Түрлөр аралык биоталык катнашдын типтери, таблицада берилген.

Таблица[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биоталык катнаштардын типтери 1 (түрү) 2 (түрү) Жалпы мүнөздөмө
1. Жырткычтык + - Жырткыч особдор өлчөмү жагынан (1) жем боло турган особдордон чоңураак (2)
2. Митечилик + - Мителер (1) ээсине караганда (2) майда.
3. Комменсализм + - Комменсалдык мамиледе бирөөсү (1) пайда алат, ал эми экинчи түрдүн популяциясы (2) пайда да, зыян да көрбөйт
4. Мутуализм + - Эки популяция тең пайда көрөт
5. Нейтрализм 0 0 Эки популяция тең бири бирине таасир этишпейт.
6. Аменсализм] - 0 Экинчи түрдүн популяциясы (2) биринчи түрдүн популяциясына терс таасир этет, өзү (2) терс таасир албайт.

Эскертүү: 0 – катнаштагы эч кандай таасири жок кубулуш; (+) – көбөйүүгө, өсүүгө ж б . оң таасир этет; (-) – өсүүгө, көбөйүүгө ж б жашоого терс таасир этет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4