Биофизика

Википедия дан

Биофизика - биологиялык физика организмде өтүүчү физика жана физика-химиялык процесстерди, организмдердин ультра-түзүлүшүн изилдөөчү илим. Биофизиканын өнүгүшү биологиянын ыкмалары, физика, математика жана химия менен тыгыз байланышта. Биологиянын өнүгүшү менен биологиялык жөнөкөй кубулуштарды түшүнүү үчүн так илимдердин ыкмалары керек экендиги билинген. Азыркы биофизиканын Эл аралык теория жана колдонмо биофизика уюму тарабынан кабыл алынган (1961) негизги тармактары: мол. Биофизика организмди түзгөн макромолекулалардын же алардын комплекстеринин физика жана физика-химиялык касиеттерин, аларда өтүүчү процесстердин өз ара таасирлерин, клеткалык биофизика клетканын функциясынын физика-химиялык негизин, мембраналар менен клеткалык органеллалардын түзүлүшү менен функцияларынын байланыштарын, клеткада өтүүчү процесстердин энергетика менен термодинамикасын, механика жана электрдик касиетин изилдейт. Башкаруу жана жөнгө салуу процесстеринин биофизикасы организмдеги башкаруу системалардын ички байланыштарын изилдейт жана моделдейт, алардын физикалык негизин аныктайт. Булардан тышкары биофизика физикалык факторлордун, иондоштуруучу нурлануунун организмге тийгизген таасирин изилдеп, сезүү органдарынын ишин жана башкаларды физика анализдейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]