Биоценометр

Википедия дан

Биоценометр (биоценоз жана. . . метр) - жер бетиндеги курт-кумурскаларды жана омурткасыз жаныбарларды эсептөө үчүн экологиялык изилдөө иштеринде колдонулуучу прибор.

Ал - түбү ачык, капталы жана үстүңкү бети майда торчо менен тартылган цилиндр же куб. Биоценометр менен 0, 25- 1 м2 келген аянтча жаныбарлар чыкпагандай кылып тез жабылат. Кармаган жаныбарларды эсинен тандырып, Биоценометрден алып чыгып группага жана түргө бөлүп, таразага тартып, алардын салыштырмалуу санын жана салмагын ошол биотоптун аянттын бирдиги менен аныктайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.