Биоэнергия

Википедия дан

Биоэнергия – тирүү организмдердеги жаңыланып туруучу энергия булагы. Ал жаныбар жана өсүмдүк калдыктарынын кычкылтексиз ажыроо процесси (биогаздык) жана тазалоочу курулмаларда пайда болот. Анын негизги компоненттери метан жана көмүр кычкыл газынын аралашмасы. Биогаз тамак даярдоодо, үй жылытууда, ж. б. газдык кыймылдаткыч катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4