Бириккен кум-шагыл кени

Википедия дан

Бириккен кум-шагыл кени Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, Бириккен кыштагынан 1,2 км батышта, Бириккен сайынын боюнда, деңиз деңгээлинен 1145–1247 м бийиктикте. Кен 1985-ж. чалгындалган. Пайдалуу кум-шагыл катмары антропоген мезгилиндеги аллювий чөгүндүсүнөн пайда болгон. Кашат тектирин түзүп түндүккө карай созулуп жатат. Шагыл жакшы жумуруланган гранит, гранит-сиенит, диорит, акиташ жана кумдук тектеринин сыныктарынан турат. Гранулометриялык курамында кесек шагыл–2,33%, шагыл – 51,48%, кум – 14,61%ке чейин. Шагылды талкалап майдалагандан кийин бетон куюга пайдаланса болот. Запасы А категориясы боюнча 866 миң м3, В – 1777 миң м3, С1–4816 миң м3, А+В+ С1–7459 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]