Бириктирилген масса

Википедия дан

Бириктирилген масса - суюктуктун ичинде кыймылда болгон нерсенин айланасындагы суюк чөйрөнүн инерциясынын сандык чоңдугун мүнөздөө үчүн бул нерсенин массасына (же инерция моментине) бириктирилген жалган масса (же инерция моменти).

Идеалдык суюктук ичинде нерсе өзгөрмөлүү ылдамдык менен алга жылса, анда бул нерсенин ылдамдануусуна пропорциялаш болгон суюктуктун каршылыгы пайда болот. Каршылык суюк чөйрөнүн бөлүкчөлөрү менен нерсенин кыймылына байланыштуу. Бул каршылыкты мүнөз-дөөчү пропорциялык коэффициент Бириктирилген масса болуп эсептелет. Бириктирилген массанын мааниси ар кандай формадагы нерселер үчүн ар башка чоңдукта.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.