Биринчи май opтo мектеби

Википедия дан

Биринчи май opтo мектеби Карабеков Сатынбай атындагы 1938-жылы 1-Май кыштагында ачылган. Алгач башталгыч билим беришкен.

Анда мугалимдер Байтурсунов Насыр, Исраилов Насыр, Аргымбаева Турду эмгектенишкен. 1940-жылы мектептин директору Ажыбеков Орозалы, мугалимдери Ибраимкулов Мамбеталы, Медекеев Шекер, Түркөбеков Шамшыке, Сулайманкулов Жамалбек ж. б. болгон.

Мугалимдер 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согушка кетишкен. Алардын ордуна окуусун жакшы өздөштүрүшкөн жогорку класстын окуучулары (Өмүров Самак, Медекеев Эгемберди, Ногоев Өмүр) сабак беришкен. Бул учурда согуштан келген Бегимкулов Иманжан директор болуп турган. Суусамыр өрөөнү боюнча биринчи орто мектеп ачылган. Кийинчерээк жатакмектеп болгон. Өрөөндүн борбоРУ Суусамыр айылы болгондо орто мектеп Суусамырга көчүп 1-Май орто мектеби 8 жылдык болуп калган. Жатак мектеп да көчкөн.

1970-71-окуу жылында кайрадан орто мектеп ачылган 1990-ж. азыркы мектептин эски бөлүгү салынган. Ал 1992-жылкы жер титирөөдө авариялык абалга келген.

Швейцария мамлекети тарабынан бөлүнгөн грантка мектептин жаңы корпусу курулуп, 1994-жылы ишке берилген. Мектепте 20 мугалим (а. и. 15 жогорку, 3 атайын орто билимдүү, бир эл агартуунун отличниги) эмгектенип, 145 окуучу билим алат. 2009-ж. Суусамыр өрөөнүндө балдарга билим-тарбия берүүгө зор салым кошкон жана мектепке көп жыл директор болгон Карабеков Сатымбайдын ысмы берилген.

Мектеп ачылгандан директор болуп иштегендер: Ажыбеков Орозаалы, Ибраимкулов Рыскулбек, Божоноев Абазбек, Сатыбалдиев Нарынжан. Баялиев Барманкул, Карабеков Сатымбай, Абдиев Калбай, Абдыракманов Сатыбек, Сагымбаев Орозалы. Учурда Белеков Кыялбек директор болуп эмгектенүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9