Бирюков Петр Филиппович

Википедия дан

Бирюков Петр Филиппович (1912-ж. т. ) - Кыргыз ССР Чүй районундагы Краснореченск МТСиннн трактор бригадасынын бригадири (1930).

Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). Ал эмгек жолун трактористтен баштаган. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Анын бригадасы тейлеген "Красный путь", Ленин атындагы колхоздор 1947-ж. 65 га кант кызылчасынын ар гектарынан 427, 5 ц түшүм алган. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.
  • Герои Социалистического Труда Киргизстана. — Фрунзе: Изд. «Кыргызстан», 1966
  • Музалевский М. В. Герои Социалистического Труда. Биобиблиографический словарь. — М.: РИЦ «Кавалер», 2009. — Т. 3. — 181 с.
  • Библиография