Бичик

Википедия дан

Бичик (моңгол битиг, бичиг — жазуу; тунгус-манжур тил тобунда, бичи, битик, бачик, битэхэ — жазуу, китеп, документ, керээз, тумар, Алтайча, якутча — жазуу) — эпосто «Бичиктерин алышып аяр менен сыйкырчы Балын ачып салышып» (Саякбай Каралаев, 1. 34),— деп айтылат. Мында Б. китеп деген маанини билдирип турат. Б. кытай, калмактардын касиеттүү дин китеби катары түшүндүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4