Би Янху, Мухаммед Айуб

Википедия дан

Мухаммед Айуб Би Янху (Ба Янху; туулган жылы 1840-жыл деп жоромолдонот – 26.07.1882) – 1862-1877-ж. Түндүк-Батыш Кытайдагы дуңгандардын жана Чыгыш Түркстандагы мусулман калктардын цинь-манжур эзүүсүнө каршы чыгарган көтөрүлүштөрүнө жетекчи болгондордун бири, теги дунган (хуэй).

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мухаммед Аюб Биянху (тегаты Бо Янху деп да берилет) Кытайдын Шэньси вилайетиндеги (провинциясындагы) Сианьфу кыштагында бай дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ата-энеси кытайлык мусулмандардан (хуэй, кыпргызча дунган) болгон. Анын атасы оодандын башчысы да болуп иштеген.

1862-жылы дунган эли Кытайдын цин-манчжур сулалесинин эзүүсүнө каршы улуттук боштондук көтөрүлүш баштаган. 1868-жылы Би Янху көтөрүлүш жетекчилеринен болуп калган.

Кыймыл ойрон кылынган соң, көтөрүлүшчүлөр Шэньси аймагынан батышыраактагы Ганьсу аймагына качышкан.

Ганьсуда да көтөрүхлүшчүлөр жеңилип калганда, 1872-73-жылдардын аралыгында Би Янху өз тобу менен Чыгыш Түркстанды карай үрккөн.

Мында ал Үрүмчүгө жакын жердеги дунгандардын чакан ээлигшине кошулуп, акыры Жетишаар мусулман мамлекетинин курамында цин-манчжур аскерлерине каршы салгылашка катышкан.

1877-жылы Кытайдын батышында ири көтөрүлүш жеңилгенде, цин-манчжур жазалоочуларынан качып, Би Янху 5 миң кишиден турган шэньсилик тобу менен Түндүк Кыргызстанга келип байырлаганга аргасыз болгон. Оболу дунган бозгундар Торугарт аркылуу Нарын жергесине, андан соң Чүй аймагына ооп келишкен.

Анын тобунун жана ганьсулук дунгандардын өкүлдөрүнүн келиши менен Кыргызстанда дунган диаспорасы калыптана баштаган. Бозгун дунгандарга кыргыз эли кыйла жардам берген.

Кытай-манчжур бийликтери дунган элинин бир бөлүгүн бөйдө кыргындан сактап калган Би Янхуну тирүү кармап берчүлөр же анын сөөгүн көрсөткөндөр үчүн 200 миң лан (акча) сыйлык сунуш кылгандыгы маалым.

Мухаммед Айуб Би Янху өпкөсүнө суук тийип, 1882-жылы 26-июлда Кыргызстандын түндүгүндөгү Бишкекте кайтыш болгон.

Ал тууралуу чыгармалар жана илимий китептер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Бейше Урстанбеков, Тынчтыкбек Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. - Фрунзе, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. - ISBN 5-89750-028-2. Жалпы көлөмү – 288 бет.
  • Думан Л. И., Биянху — вождь дунганского восстания 1862—1877 гг., "Записки института востоковедения АН СССР", 1939, [т.] 7.
  • Сушанло М., Дунганское восстание второй половины XIX в. и роль в нем Бай Янь-ху, Фрунзе, 1959.
  • 王国杰,《重新评价白彦虎──西北民族研究》,陕西师范大学,回族在線,2006年。


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]