Бластомерлер
Көрүнүш
Бластомерлер - көп клеткалуу жаныбарлардын жумурткасы бөлүнүп бөлчөктөнгөндө жаралган клеткалар. Б-ге мүнөздүү болгон өзгөчөлүгү - бөлүнүшүнүн мезгил аралыгында өсүшүнүн жок болушу, ар бир бластомердин көлөмү эки эсе кичирейет. Телолециталдык жумурткалардын голобластикалык бөлүнүүдө Б. көлөмдөрү менен айырмаланышат: чоң (ири) Б. - макромерлер, ортончусу – мезомерлер, майдалары - микромерлер.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4