Бластомикоз

Википедия дан

Бластомикоз (Blastomicosis) - айбандар терисинин жана ички органдарынын улаарма оорусу.

Дарт көбүнчө Канада, Борбордук жана Түштүк Америка, Азия жана Европада таралган. Дарттын негизги себептери - бир клеткалуу жөнөкөй грибоктор. Бул дартка көбүнчө адам жана ит чалдыгат. Жылкыда да кезигет (тажрыйба үчүн кой, маймыл, чычкан, доңуз чычканга жугузууга болот).

Бластомикоз менен ички органдар ооруса, муун жана борбордук нерв системасынын ооруларына мүнөздүү клиникалык белгилер байкалат. Ал эми дарт теридей башталса, дененин ар кайсы жеринде каканак, чыйканга окшош шишик пайда болуп, жарылган соң, мал айыгып кетет. Дарылоо чаралары иштелип чыга элек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.