Блок

Википедия дан

Блок саясий – жалпы максаттарына жетишүү үчүн мамлекеттердин, саясий партиялардын, коомдук-саясий уюмдардын бирикмелери. Блок термини биринчи жолу ХХ к. башында Францияда пайда болуп, монархисттерге, улутчулдарга жана клерикалдарга каршы өкмөттүн саясатын колдогон партиялардын бирикмесин билдирген. Парламенттеги партиялык фракциялардын блогу мыйзам долбоорлорун кабыл алуу же четке кагуу үчүн түзүлөт.
Шайлоо кампаниясы мезгилинде көз караштары жакын партиялар бирге күрөшүү максатында өз ара келишим (депутаттык жана министрлик орундарды бөлүштүрүү, өз ара мамилелердин формалары жөнүндө) түзүшүп, бир шайлоо блогуна биригишет. Мисалы, 1995-ж. эки палаталуу Жогорку Кеңешке шайлоо алдында Кыргызстан Биримдик партиясы, Республикалык – элдик партия, Агрардык партия, Кыргызстан аялдарынын конгресси ж. б. бир катар коомдук-саясий уюмдар уюштуруу жана андан кийинки, парламенттин составындагы кызматташтыктарды жүргүзүү үчүн (декабрь, 1994-ж.) түзүшкөн. 1994-ж. сентябрда ЭрК партиясы, ККП жана бир катар коомдук уюмдар кирген, радикалдуу багыттагы Блок «Демократтык күчтөрдүн Конгресси» түзүлгөн. Блокко кирген партиялардын ишмердик формалары ар түрдүүчө болушу мүмкүн; элге карата биргелешкен кайрылуулар; депутаттыкка талапкерлерди биргелешип көрсөтүү; шайлоо алдында бирдиктүү саясий платформаны иштеп чыгуу; коалициялык өкмөттү түзүү; митинг, демонстрация ж. б. саясий акцияларды биргелешип өткөрүү ж. б. Мамлекеттер аралык Блоктор коргонуу, тынчтык, согуш, (НАТО ж. б.), экономикалык (ПРООН ж. б.) ж. б. маселелерди чечүү максатында түзүлөт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: А. Акунов Ред. кеңеш: Б. Солтонбеков (төрага), А. Акунов, Т. Ожукеева, К. Байболов, ж.б