Богомолец Александр Александрович

Википедия дан

Богомолец Александр Александрович (12(24). 5. 1881-19. 7. 1946) - советтик патофизиолог жана коомдук ишмер, СССР ИАнын акад. (1932) жана вице-президенти (1942), УССР ИАнын (1929), БССР ИАнын (1939), СССР медицина ИАнын (1944) акад., ГССР ИАнын ардактуу мүчөсү (1944).

РСФСРдин илимге эмгеги сиңирген ишмери (1935), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1944). 1906-ж., Одессадагы Новороссийск университетин бүтүргөн. 1911-25-ж. Саратов университетинин, 1925-31-ж. 2-Москва университетинин медицина факультетинин профессор 1928-31-ж. Гематология жана кан куюу институтунун директору, 1930-46-ж. УССР ИАнын президенти; ошол эле мезгилде УССР ИАнын Эксперименттик биологиялык жана патология, Клиникалык физиологиялык институттарынын директору. Богомолецтин эмгектери патологиялык физиология, эндокринология, вегетативдик нерв системасы, онкология жана өмүрдү узартуу маселелерине арналган. Ал организмге кан кушунун таасири жана канды узакка сактоо жөнүндөгү иштерге жетекчилик кылат.

СССР Жогорку Советинин (1-2-шайл. ) депутаты. СССР Мамлекеттик сыйл. лауреаты (1941), 2 Ленин ордени, башка 2 орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.