Богуславский Войцех

Википедия дан

Богуславский Войцех (9. 4. 1757- 23. 7. 1829) - поляк актеру, режиссер, драматург жана театр ишмери.

Польшанын драма жана музыкалык театрларына негиз салгандардын бири. 1762-70-ж. Варшавада окуган. Сахналык ишин 1778-жылдан баштаган. 1785-ж. Польшанын, Галициянын, Россиянын батыш губернияларынын шаарларына гаст-ролго барган. Богуславский опералык жана драмалык спектаклдерде бирдей ойногон, Шекспирдин пьесаларынан Король Лир менен Гамлеттин, Сальеринин "Ак-сур" операсында Аксурдун ролун аткарган.

1811-жылдан "Драма мектебинде" педагог болуп иштеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.