Боден Жан

Википедия дан

Боден Жан (1529–1596) – француз ойчулу, социолог, юрист. Негизги эмгеги «Мамлекет жөнүндө алты китеп». Бул китепте: «суверенитет» деген түшүнүккө аныктама берилет. Бодендин ою боюнча суверенитет – негизги мыйзамдарды чыгаруучу жана аларды ишке ашыруучу, көз карандысыз, абсолюттук бийлик. Мындай бийлиги жок мамлекет жашай албайт, суверенитет жогорку мыйзам чыгаруучу орган болгондуктан, мамлекеттин тибин (монархия, аристократия, демократия) аныктайт. Бодендин ою боюнча суверенитет мыйзамдарды акыйкат экендигине көз каранды эмес, аларды чыгаруучу күчүнө жараша болот. Боден суверенитеттин утилитардык концепциясын түзүүгө жардам берген.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек, Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: А. Акунов, Ред. кеңеш: Б. Солтонбеков (төрага), А. Акунов, Т. Ожукеева, К. Байболов, ж.б