Бозбу-Тоо мрамор кени

Википедия дан

Бозбу-Тоо мрамор кениЖалал-Абад облусунун Аксы районунда, Таш-Көмүр шаарынан 24 км түндүк тарапта, Бозбутоонун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 1220–1390 м бийиктикте. Кен аймагын төмөнкү пермь мезгилинде пайда болгон карбонат жана карбонат-терриген чөкмө тектери түзөт. Пайдалуу катмар мраморлошкон каралжын акиташ тегинен турат. Агыш темгилдүү, майда бүртүкчөлүү. Механикалык жактан бекемдиги 94,8–100,5 МПа. Тоотек массивинен товардык блоктордун чыгышы 23,4–35,9%. Запасы В категориясы боюнча 507,1 миң м3, С1–85,7 миң м3, В+ С1–592,8 миң м3, С2–151,0 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]