Боз кисе

Википедия дан

Боз кисе (моңг. бусе — белбоо, иранча кисе — белбоо)—1) эр азаматтын өзүнө гана таандык болгон майда буюмдары тагылуучу кайыш кур; 2) калың кайыштан кооздолуп оттук жана милте салынуу үчүн жасалган баштык. Муну негизинен кисе же кур деп да жалпы жонунан атай берет. Ал эми эпосто Б. к. болсо жалгыз гана Манастын өзүнө таандык болуп эсептелет. Саякбай Каралаевдин вариантында Манастын Б. к-си өзүнчө касиетке ээ буюм. Б. к. асмандан атайын Манаска арналып башка куралдары менен бирге түшкөн. Анын касиеттүүлүгү Манас жоого аттанып, Б. к. курун белге чалганда кырк чилтен жолдош болуп, капталынан кара чаар кабылан чамынып, алдына келген душманын баса калчудай чолок куйрук арстан камынып калат. Айрым бир учурларда Б. к. эмес, ак кисе деп да айтылат:

Сырттан Манас зыңгырап,

Ак олпокту кийди эми

Асмандан түшкөн ак кисе

Айкырып белге илди эми (Саякбай Каралаев, 2. 211).

Калган эскерүүлөрдө Б. к. деп айтылып олтурат. Манастын Каныкейге айткан керээзинде да Б. к-нын касиеттүүлүгү эскерилет:

Кысталыш жолго киргенде,

Кыйкырып белге чалганда,

Кырк чилтен жолдош бир болгон.

Касташкан жоону көргөндө,

Каарданып курчанса,

Кара чаар кабылан

Капталында чамынган.

Чолок куйрук арстан

Жандай салып камынган

Асмандан түшкөн бос кисе,

Жаным менен дос кисе,

Каныкей, илип койчу кашыма (Саякбай Каралаев, 2. 231).

Демек, Б. к. жөнөкөй эле ар кандай керектелүүчү буюмдар тагылуучу кур катары айтылбастан, дайыма Манастын колдоочуларын алып жүргөн касиеттүү кур катары сүрөттөлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4