Мазмунга өтүү

Боз салкын

Википедия дан
Боз салкын
Жанры

Комедия, Мелодрама

Директору

Канат Сартов

Режиссёру

Эрнест Абдыжапаров

Продюсери

Алтынай Койчуманова

Сценарийдин
автору

Эрнест Абдыжапаров

Башкы ролдордо

Асема Токтобекова, Тынчтык Абылкасымов, Съездбек Искеналиев

Кинокомпания

"Ой Арт", "ALD Capital Grou

Узактыгы

95 мүнөт

Өлкө

 Кыргызстан

Тили

Кыргызча

Жылы

2007

IMDb

ID 1050089

Super.kg

ID 385

Боз салкын — Ой Арт продюсерлик борбору жана режиссёр Эрнест Абдыжапаров тарабынан 2007 жылы тартылган кыргыз көркөм тасмасы.

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мурат шаарда өскөн сүйлөшкөн кызы Асеманы эс алууга жана үй-бүлөсү менен тааныштырууга айылга алып барат. Ошол убакта чабандын баласы Сагын айылдашы Анарага үйлөнмөкчү болуп, айылдын жарымы кызды ала качууга даярданып жаткан кез болот. Түзүлгөн план боюнча туулган күнгө арналган кечеден кийин Анараны жолдо машина күтүп турат. Бирок, бардык жаштар келген кечеде Асема Муратты башка кыз менен көрүп калып, кечеден качып чыгат. Шаарга кетүү үчүн машина издеп, кокусунан Анараны күткөн машинага түшүп алат да, аны Сагындын үйүнө алып качышат. “Мен Анара эмесмин” фразасын Асема миң жолу кайталаса да, жоолук салып, көшөгөгө отургузуп коюшат. Турмушун элетте элестете албаган Асема жаратылыштын сулуулугу менен тагдырдын буйругуна багынып, чабандес Сагындын жубайы болуп, керемет жайлоодо ордун табат.Ал эми мурат өзүнүн биринчи сүйлөшкөн кызына баш кошот.

Каармандарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Актёр Роль
Асема Токтобекова Асема Мураттын сүйлөшкөн кызы Асема
Съездбек Искеналиев Мурат Асеманын жигити Мурат
Тынчтык Абылкасымов Сагын Мураттын айылдагы досу Сагын
Элнура Осмоналиева Бурма Мураттын биринчи кызы Бурма
Асылбек Өзүбеков Мураттын атасы
Марат Жантелиев
Айнура Тургунбаева Мураттын апасы
Камчыбек Сарыбаев Сагындын байкеси
Сайра Момунбаева Сагындын жеңеси

Тасма тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Асема Токтобекова:
“Киного тартылам деп эч качан ойлогон эмесмин. Бирок, “Боз салкынга” тартылуу сунушу түш­көн­дө көп ойлонгон жокмун. Азыр ЖОЖ­­до окуйм, келечектеги дипломатмын. Алгач ата-энем кино жөнүндө укканда албетте, каршы болушкан. Бирок, режиссёр аларды бат эле көндүрүп ал­ды. Бул менин би­ринчи ролум болсо да, кыйынчылык тарткан жокмун. Тескерисинче, аткарган каарманымдын образы менен кыялым төп келишкендиктен, өзүмдү кадимкидей эле алып жүрдүм. Балким, ушул себептен атымды да Асема бойдон калтырышты. Фильмге тартылгандан кийин бир аз өзгөргөнүмдү, чоңоюп, эс тартканымды сездим”.

Съездбек Искеналиев:
“Мен Мураттын ролун Эрнест агайдын жардамы менен аткара алдым деп ойлойм. Режиссёрдун ар бир сөзүнө көңүл бурганым үчүн фильмге тартылуу оор болгон жок. Өзүм үчүн да таңкалыштуу нерсе – бул машина айдаганым. Эч качан рулга отуруп көрбөгөн жаным 3 күндүн ичинде көчө чаңдатып катуу айдаганды үйрөндүм”.

Тынчтыкбек Абылкасымов:
“Кино – бул менин дүйнөм! Актёр болуп роль аткарамбы, режиссёр боломбу, атүгүл жөн гана жардамчынын кызматын аткарыш керек болсо да, мен үчүн баары бир. Негизгиси, тасма тартуу процессинде аралашып жүрүүм керек. Ошондуктанбы, гонорар мен үчүн маанилүү эмес. “Боз салкында” өткөргөн убакыттын ичинде мен чоң тажрыйба топтоого жетиштим. Ал эми Сагын жөнүндө айтсам, анын образын сценарийдеги жазылганга окшоштурайын деп жараткан жокмун. Болгону, кандай бассам, ошондой басып, ат үстүндө кандай отурсам, ошондой отуруп, өзүмдү эркин алып жүрдүм”.

Алтынай Койчуманова:
“Толук метраждуу тасманы биринчи жолу жетектеп жатам. “Боз салкынды” дүй­нөлүк стандартка жооп бере ала тургандай кылып, максималдуу сапаттуу тартууга аракеттендик. Тасма акыркы техника түрү менен тартылып, бюджети орто эсеп менен 200 миң долларды түздү. Март айынын башында «Канн» фестивалына заявка берген элек. 800 тасманын ичинен биз да татыктуу көңүл бурууга ээ болдук. Фестивалдын уюштуруучуларынын айтуусунда, биздин “Боз салкын” абдан жеңил, жасалмасыз, позитивдүү көркөм фильм болуптур. Ошондуктан, биздин көрүү­чүлөргө да жагат деп кепилдик бере алам”.

Канат Сатаров:
“Тасма 5-июндан 10-июлга чейин тартылды. Баштапкы даярдоо иш-чаралар жана монтажды кошуп эсептегенде 2,5 ай ичинде даяр болду. Өзүмдүн директор болуп эмгектенгениме 23 жыл толду. Менин негизги милдетим – алыс болсо жеткирүү, ачка болсо тойгузуу, жок болсо табуу. Бирок, жалпысынан чоң маселе чыккан жок. Анткени, идея, сюжет дайыма режиссёрдун мээсинде. Режиссёр мыкты болгон үчүн, тартуучу топ кыйналган жок”.

Эрнест Абдыжапаров:
“Фильмдин идеясы тээ 1998-жылы эле жаралган. Бир жолу түшүмдө минген аттары алмашып кеткен эки атчанды көргөн элем. Ошол нерсе мээме сиңип калып, кийин баш-аягын улап отуруп “Боз салкынды” жазып чыктым. Эмнегедир аны тартууга шарт түз­үлбөй жатты. Ортодо “Айыл өкмө­түн” жаратканга жетиштим. Ошентип, ошол идеямдын багы арадан дээрлик 10 жыл өткөндөн кийин эми минтип кино болуп ачылып отурат. Фильм жаштардын эмгеги жана энергиясы менен тартылды. Эстрада жылдызы Съездбек, кино бөлүмүндө окуган Тынчтык, таланттуу Асема “Боз салкындын” көркүн ачып беришти”.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тиркемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Film-stub