Бой тумар

Википедия дан

Бой тумар:
1) ар кандай оору жана кырсыктан сактайт деген ишенимде киши тагынып жүрүүчү аят. Жакшы уктай албаган балдар, боюнда бар аялдар, ар кандай ооруларга дуушар болгон жана иши жүрбөгөн адамдар (жин-перилердин таасири себепчи дешет) молдого барып, бой тумар (дуба) жаздырып, үч бурчтук калыбына келтирип, сыртын жашыл кездеме же булгаарыдан каптап, моюнуна тагып же такай кийилүүчү кийиминин колтугуна тигип алышат.
2) кыз-келиндер көкүрөккө тагынуучу үч же төрт бурч кылып жасалган кооздук буюм.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]