Канчоро Бокоев

Википедия дан
Бокоев Канчоро‎»‎ барагынан багытталды)

Бокоев Канчоро 1936-жылы Сузак районунун Көк-Кыя айылында туулган.

Кызыл-Октябрь башталгыч мектебинде окуп, орто билимди Көк-Арт орто мектебинен алат. 1954-жылы Жалал-Абад шаарындагы A. С. Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайын аяктагандан кийин, эмгек жолун Лейлек районунун Тогуз-Булак жети жылдык мектебинде иштеп баштаган.

Аксы районунун Кызыл-Туу башталгыч мектебинде иштеп жүргөндө Советтик Армиянын катарына чакырылып, Сталинград, Ленинград шаарларында кызмат өтөгөн. Армиядан келгенден кийин Фрунзе жети жылдык, Дзержинский жети жылдык мектептеринде иштеп, 1964-жылы өз айылындагы Кызыл-Октябрь башталгыч мектебине которулуп, башчысы болуп эмгектенип, 1982-жылы эс алууга чыккан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3