Болонья
Отурукташкан жай
Болонья ![]()
|
Болонья — Түндүк Италиядагы шаар. Рено дарыясынын боюнда жайгашкан. Болонья провинциясынын жана Эмилия-Романья облусунун администрациялык борбору.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2005 -жылкы калкы 367,2 миң адам болгон.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Болоньянын тарыхы бай. Б.з.ч. 6-кылымдын аягында этрусктардын Фельсина борбору болгон. Б.з.ч. 4-кылымда шаар бойлор тарабынан басып алынган. Орто кылымдарда Болонья укук мектеби менен даңкталган. 11-кылымда негизделген университети Европадагы эң байыркы университеттердин бири болуп эсептелет.
Архитектурасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шаарда көп тарыхый эстеликтер бар. Сан-Стефано чиркөө комплекси (11-13-кылым) роман стилинде курулган. Сан-Доминико, Сан-Петронио чиркөөсү (14-17-кылым) жана готика, ренессанс, барокко стилиндеги сарайлар сакталып калган. 1425–1438-жылдары Якопо делла Кверча ренессанс стилиндеги айкел порталдарын жасаган.
Болоньяда машина куруу, кара металлургия, химиялык, фармацевтика, полиграфия, жеңил, тамак-аш жана текстиль өнөр жайлары өнүккөн.
Шаарда Улуттук атом изилдөө борбору, Улуттук пинакотека жана бир нече музейлер бар.
1999-жылы Болоньяда бирдиктүү европалык билим берүү системасын түзүү боюнча эл аралык келишим — "Болонья келишими" кабыл алынган.
Дагы окуңуз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4
|