Болотбеков Суранбай

Википедия дан

Болотбеков Суранбай 1959 -жылы 2-августта Сузак районунун Октябрь кыштагында дыйкандын үй- бүлөөсүндө туулган.

  • 1977-жылы Макаренко атындагы орто мектебин бүтүрүп, Ош шаарындагы бухгалтердик окуу жайына тапшырып, бухгалтер кесибине ээ болот.
  • Алгачкы эмгек жолун Дружба совхозунда бухгалтер болуп баштаган.
  • 1980-1982-жылдары Сузак райондук биолабораториясында башкы агроном болуп иштеген.
  • 1982- 1995-жылдары Дружба совхозунда сүт-товар өндүрүүчү фермада жетекчи, тоют топтоо бөлүмүнүн башчысы, совхоздун профсоюз уюмунун төрагасы болуп эмгектенип келген.
  • 1995-2000- жылдары Сузак райондук социалдык жактан жардам берүү бөлүмүнүн башчысы, Жалал-Абад областтык бөлүмүндө башкы адис болуп иштеген.
  • 2000-2012-жылдары Мамлекеттик экономиканы өнүктүрүү фондусунун Сузак райондук бөлүмүндө башкы адис, ушул эле ишкананын Жалал- Абад областтык бөлүмүнүн башкы адиси болуп эмгектенген.
  • Билими жогорку,
  • 1990-жылдан, 2000-жылга чейинки эки жолку чакырылышта, айылдык кеңештин депутаты болгон.
  • Учурда, Жалал-Абад облустук кесиптик-техникалык лицейлеринин координатору болуп эмгектенүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3