Болушев Эрмекбай

Википедия дан

Болушев Эрмекбай 1958-жылы 8-июнда Сузак районунун Кедей-Арык айылында туулган.

1975-жылы орто мектепти бүтүрүп, ошол эле жылы Ош Педагогикалык институтунун Музыка факультетине тапшырып, 1979-жылы ийгиликтүү аяктап, эмгек жолун Сузак районуна караштуу Кызыл-Пахтачы орто мектебинде музыка мугалими болуп иштеп баштаган.

1995-2006-жылдары Жалал-Абад областтык балдар чыгармачылык борборунда улуу методист, ошону менен катар “Мээрим” кайрымдуулук фондунда көркөм жетекчи болуп эмгектенген.

Үзүрлүү эмгегинин натыйжасында, көптөгөн Республикалык деңгээлдеги кароо сынактардын лауреаты болгон. Билим берүүдөгү жетишкендиги үчүн, райондук, областтык, Билим берүү министирлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган. “Эл агартуунун отличниги”, “Багыш айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу”.

Учурда ардактуу эс алууда болсо да, фермердик дыйкан чарбаны жетектеп эмгектенип келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3