Болчар

Википедия дан

Болчар – байыркы кыргыз уруусу (6–10-кылым). Жазма булактарда болчарлар менен бирге «ач», «ли» аттуу кыргыздардын башка уруулары эскерилет. Кыргыз каганынан Тибетке барган (8-кылымдын баш чендери) Эрен Улуг аттуу элчи болчарлар уруусунан чыккандыгы маалым. Бул жөнүндө Алтынкөлдөгү (Хакасия) кыргыздарга таандык таш бетиндеги руна сымал жазма эстеликте айтылган.

Эстеликтин көлөмү 1,98 х 46 см, калыңдыгы 18 см. Бул эстелик кыргыз каганынан Тибетке элчилик сапар менен барып, белгисиз себептер менен Ата Журтка кайтпай калган Эрен Улукка арналып тургузулган. 38 жашта болгон. Көзү тирүү мезгилинде Ынанчу алп титулун жана өзгөчө эрдиги үчүн элчилик даражасына ээ болгондугу айтылат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”.
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”.
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]