Бонсай

Википедия дан
Бонсай (Malus toringo).

Бонсай (жап. 盆栽 ) - өзгөчө ыкмалар менен дарактардын гүл койгучтардын ичинде буталып өстүрүлүшү.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул сөз жапон тилинден келип чыккан. Мааниси, "бон" (табак) жана "саи" (өсүмдүк). Мындайча айтканда, табактагы өсүмдүк же табактагы дарак дегенди түшүндүрөт.

Бул ыкма Японияга б.з. 7-9 кылымдарда Кытайдан келген. Бансаи ыкмасы Кытайдагы Пенйинг(Penjing) деген ыкмадан айырмаланып турат. Пенйинг Кытайда бир канча миңдеген жылдардан бери бар.

Өстүрүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бонсаи - бул тирүү дарактарга карата урмат жана бул дарактардын жашоосу жөнүндөгү искусство. Бонсаилер миниатюралык болгону менен кадимки эле дарактардан айырмалары жок. Кылдаттык менен тандалган бутактар буталып өстүрүлүп, миниатюралык дарак көрүнүшүн алат. Эң кооз бонсаилер жапыз жана кең гүл койгучтарда өсөт. Ар кандай бонсаилер бар: шыпыргы сыяктуу, шаркыратма сыяктуу, шамалга ачык сыяктуу.

Япондордун табиятка болгон суугун күндөлүк турмушунда көрүүгө болот. Алар багбанчылык менен да алектенип келишет.