Боортоктоп жылуу
Шарты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнчулардын саны 3—5 киши.
Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтчада, талаада, спорттук бөлмөдө өткөрүлөт,
Оюнга даярдануу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнчулар бир катар болуп ичтеринде жатышып оюндун шарты, оюн өткөрүлүүчү аралык жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнчулар, оюнчулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча белгиленген аралыктан бат боортоктоп жылып өтүүгө аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Марага биринчи келген оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.
Оюндун башка түрлөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чалкасынан жатып жылуу, капталынан жылуу, отуруп жылуу.
Оюндун эрежеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнда буйруктан мурда аракеттенүүгө, бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, белгиленген аралыкты толук өтпөй коюуга болбойт.
Оюнга методикалык көрсөтмө
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюн өткөрүлүүчү жер таза, тегиз, башка буюмдарсыз болушу керек. Оюнчулардын саны көп болсо, аларды топторго бөлүп өткөрсө болот.
Оюндун педагогикалык мааниси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнда күч, ийилчээктикке, чыдамкайлыкка тарбияланат, боортоктоп тез жүгүрүүгө үйрөтөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|