Борбиева Дамира Балтабаевна

Википедия дан
Борбиева Дамира Балтабаевна
Туулган датасы:

28.09.1940 жылы

Туулган жери:

Кыргыз ССР-нин Талас районундагы Чат Базар айылында туулган

Ишмердүүлүгү:

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Технологиялык факультетинин алдындагы Химия жана химиялык технология кафедрасынын башчысы

Сыйлыктары:

КРнын билим берүүсүнүн отличниги,

Борбиева Дамира БалтабаевнаХимия илимдеринин тармагынын тажрыйбалуу адиси жана окумуштуу. Химия илимдеринин кандидаты, адистиги: “Инженер-технолог”; И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Технологиялык факультетинин алдындагы Химия жана химиялык технология кафедрасынын башчысы. Кафедра окуу, окуу — усулдук, илимий жана тарбиялоо иштеринде жетишкен ийгиликтери үчүн 2013-2014 окуу жылы II даражадагы Диплом, 2015-16, 2016-2017 окуу жылдарында I даражадагы Диплом менен сыйланган. Химия кафедрасын Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын химия боюнча Шаардык, Областтык жана Республикалык олимпиадаларын өткөрүүгө база катары тандап алган. Олимпиадалар 20 жылдан ашык өткөрүлдү.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Борбиева Дамира Балтабаевна 1940 жылы 28 сентябрда Кыргыз ССР-нин Талас районундагы Чат Базар айылында туулган. Мектепти бүткөндөн кийин Фрунзе политехникалык институттан сүт жана сүт азыктардын технолгиясынын инженердик адистиги боюнча билим алган. Борбиева Д.Б. 80-ден ашык эл-аралык жана республикалык денгээлдеги усулдук эмгектерди, илимий макалалардын автору, алардын арасында 1 монография, патент жана КР нын ББжИ министрлигинин грифи менен орус жана кыргыз тилинде чыккан окуу китептери. Борбиева Д.Б. студенттик илимий иштерине чон көнүл бурат. Анын жетекчилиги астында студенттер илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, илимий практикалык- конференцияларга катышып, макалаларды жарыкка чыгарат.

Эмгеги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1966-1968 жылдары Кыргыз ССР-нин тамак-аш Министрлигинин системасында иштеген.

1966-1969 жылдары Кыргыз ССР-нин Илимий Академиясынын Органикалык эмес жана Физикалык (ОЭжФХ) институтунун аспирантурасын окуган.

1971 жылы кандидаттык диссертацияны жактаган.

1969-1983 жылдары Кыргыз Илимий Академиясынын ОЭжФХ институтунда эмгектенген.

1983-1991 жылдары ФПИ-тун Химия жана химиялык технология кафедрасынын улук окутуучусу;

1991-2007 жылдары – ошол эле кафедранын доценти;

1992-1995 жылдары – КТУ-нин Технологиялык факультеттин деканынын окуу боюнча орун басары;

1995-1999 жылдары – КТУ-нин фундаменталдык илимдеринин факультетинин орун басары;

2009-2012 жылдары – КМТУ-нин технологиялык факультетинин окуу иштери боюнча орун басары;

2007 жылдан азыркы убакытка чейин Химия жана химиялык технология кафедрасынынпрофессору;

2012 жылдан баштап азыркы учурга чейин Химия жана химиялык технология кафедрасынын башчысы.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1985 жылы – медаль “Ветеран труда”;

1995 жылы – “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги” деген белгини алган;

1999, 2000 жылы – Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары, КМТУ-нун Ардак грамоталары;

2004 жылы – Профсосюздардын Республикалык комитетинин Ардак грамотасы менен сыйланган;

2012 жылы – КМТУ-нин профессору деген наам берилген.