Борбордук нерв системасына таасир этүүчү дарылар

Википедия дан

Борбордук нерв системасына таасир этүүчү дарылар - борбордук нерв системасына таасир этүүчү фармацевтикалык каражаттардын тобу.

Булар организмге аз өлчөмдө берилсе, кубаттандыруучу таасир берин бүт денени, андагы ар бир мүчөнү ритмдүү иштетет. Ошол эле каражат көп өлчөмдө берилсе, борбордук нерв системасын катуу козгоп, шал кылганга чейин барат. Буларга хим. составы түрлүү заттар, алкалоиддер, туздар жана кээ бир синтет. препарат-тар (кофеин, анын туздары; стрихнин, анын препараты; фенамин, коразол, кордиамин, көмүр кислотасы) кирет. Бул заттар борбордук нерв системасынын ар кандай абалда болушуна жараша колдонулат.

Жалпы организм начарлаганда, узакка созулган катуу ооруларда кубаттандыруучу стрихнин препараттары-берилет. Дем алуу борборун жөнгө салуу үчүн көмүр кислотасы же карбоген, кофеин, стрихнин, коразол, кордиамин колдонулат. Кофеин препараттары жүрөк-кан тамыр системасынын иши начарлаганда да колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.