Мазмунга өтүү

Борбордук франция массиви

Википедия дан
Борбордук франция массиви.

Борбордук франция массивиФранциянын борбордук жана түштүк бөлүктөрүндөгү тоолор. Базальт платосунан жана бөксөтоолордон байыркы өчкөн жанартоо конустары көтөрүлүп турат. Эң бийик жери 1886 м ге чейин (Мон-Дор тобундагы Пюи-де-Санси чокусу). Түштүгүн Кос карст платосу, түштүк-чыгышын Севен тоолору ээлейт. Жазы жана ийне жалбырактуу токой, 1400 м ден жогору шалбаа, бадал өсүмдүктөрү өсөт. Минералдуу суу булактары, курорттору (Виши жана башкалар) бар.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]