Борборлошкон пландуу (командалык) экономикалык система

Википедия дан

Борборлошкон пландуу (командалык) экономикалык система - Жогорку профессионалдуу деңгээлдеги инженерлерди, экономисттерди, компьютер боюнча адистерди, өнөр жайынын өкүлдөрүн камтыган - «пландоочулар» деп аталган адамдар, борборлошкон экономиканын системасы үчүн пландарды түзгөн жана иш жүзүнө ашырган саясий лидерлерге консультация беришкен.

Саясий лидерлер жиберген, ошол эле пландоочулар, товарларды жана кызмат өтөөнү кимдер аларын аныкташат. Эмгек акынын, процент нормасынын, пайданын жана рентанын деңгээлин белгилөө менен товарларды ким аларын алар түз эле айтышат. Акыркы убакытка чейин мындай экономикалык системанын өлкөлөрү мурунку СССР, Кытай, Албания ж.б. социалисттик өлкөлөр болгон. Биздин Кыргызстан да бул системаны башынан өткөргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9