Борду полиметалл кени

Википедия дан

Борду полиметалл кени Чүй облусунун Кемин районунда, Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк-чыгышында, деңиз деңгээлинен 1850–2300 м бийиктикте. 1949–53-ж. чалгындалган. Кендин геол. түзүлүшүнө протерозойдун мигматиттери, гнейстери, кристаллдык сланецтер, амфиболиттер, гнейс түрүндөгү граниттер жана порфир түрүндөгү граниттер катышат. Негизги руда кармап турган структура Борду жаракалар тилкеси болуп эсептелет. Негизги рудалануу узундугу 800–1000 м болгон Батыш жана Борбордук руда мамычалары менен байланышкан. Руданын тиби – сульфиддүү. Рудалануу-чачынды, тарам-чачынды түрүндө. Негизги минералдары: пирит, галенит, сфалерит, марматит, ошондой эле күмүш, алтын, борнит, миллерит кездешет. Коргошундун рудадагы өлчөмү 1,6–2,62%, цинктики – 0,9%, алтындыкы – 0,74 г/т, күмүштүкү – 26,0 г/т, кадмийдики – 0,004%, индийдики –0,0001%. Руданын жалпы запасы 11863,55 миң т, коргошундуку 265 миң т, алтындыкы – 7323 кг, күмүштүкү – 241,8 т, индийдики – 10,7 т, кадмийдики – 363,2 т, цинктики – 86,8 миң т. Индий, кадмий, цинк рудадан алынган эмес. Кендин ачык казып алынуучу запасы иштетилип бүткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]