Борду шаарчасы

Википедия дан

Борду, Кашка-Кемин районундагы шаарча. Райондун борбору жана темир жол бекети Кемин шаарчасынан 17км түштүк-батышта, облустун борбору- Токмок шаарынан 66км жана өлкөнүн борбору Бишкектен 126км чыгыш тарапта , деңиз деңгээлинен 1700м бийиктикте жайгашкан. Калкы 250(2002). Шаарча ушул аймактагы түстүү металлдар кендерин …өздөштүрүүнүн негизинде 1950-жылы шаарча статусуна ээ болгон. 1993-жылга чейин шаарчада Орловкадагы тоокен металлургия комбинатынын 4 цехи иштеген болсо, өлкөнүн экономикасынын рыноктук мамилеге өткүүл мезгилде алар жабылып, жумушчулар бош калып, калктын көпчүлүгү өлкөнүн башка райондоруна, ошондой эле сырткы өлкөлөргө көчүп кетүүгө аргасыз болгон. Натыйжада шаарчанын калкы 2300(1993-жылы) адамдан 231(1999-жылы) адамга чейин азайган. Калктын 80%ти кыргыздар. Бир башталгыч мектеп, китепкана жана чакан медпункт бар.