Борколдой мөңгүлөрү

Википедия дан

Борколдой мөңгүлөрүБорколдой кырка тоосунун түндүк капталындагы жанаша жаткан эки мөңгү. Чоң Нарын суусунун сол куймасы – Караколдун алабынан орун алган. Экөөнүн узундугу 6,8 км жана 7,9 км, аянттары 9,4 км2 жана 8,7 км2. Абляция облусунун аянттары 2,9 км2 жана 4,4 км2. Мөңгүлөрдүн башы деңиз деңгээлинен 4880 м жана 5170 м, этектери 3700 м жана 3830 м бийикти кте жатат. Кар чегинин бийикт. 4220 м жана 4180 м. Фирн облусунун көп камералуулугу, бутактанган майда тармактары менен айырмаланат. Каптал жана этек мореналары бар. Азыр мөңгүлөр чегинүүдө. Алардан агып чыккан суулар Жагалмай суусуна сол тараптан куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]