Боровинка

Википедия дан

Боровинка - алма сорту. Мөмөсү орточо, кээде чоң да болот (80-120 г). Тоголок, түсү сары же кызгылт, ширелүү, даамы кычкыл таттуу.

Дарагы анча чоң эмес. Суукка чыдамдуу. 4-5 жылдыгында мөмө берет. Мол түшүмдүү, ар түбүнөн 1, 5-2 ц ден алма алынат. Россиянын борбордук райондорунда күздүк, түштүгүндө жаздык алма катарында өстүрүлөт. Ал Кыргыйдын бардык зоналарында кеңири таралган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.