Боролдой акиташ теги жана кампарит кени

Википедия дан

Боролдой акиташ теги жана кампарит кени Чүй облусунун Кемин районунда, Боролдой кыштагынан 15 км түндүк тарапта, Кастек тоосунун түштүк-чыгыш капталында, деңиз деңгээлинен 1900–2000 м бийиктикте. Кен 1939-ж. белгилүү, 1950–54-ж. “Средазгеолнеруд” трести геол. чалгындоо жумуштарын жүргүзгөн. Кен Таш-Көмүр мезгилинин ортосунда пайда болгон агыш жана боз түстүү мраморлошкон акиташ тегинен түзүлгөн. Ал гранит интрузиясынын арасында жатат. Пайдалуу катмарлардын калыңдыгы 95 мге жетип, анын тилкеси 350 м. Химиялык курамы боюнча акиташ теги бардык жерде бирдей: СаСО3–94–99%, чополуу кошундулар – 0,12–4,38%. 1 кг акиден 2,5 л эринди чыгат. Акиташтын чылануу ылдамдыгы 13 минута, температурасы 54°С. Акиташ тегинен 1-сорттогу аки алууга болот. Кенди 1959-жылдан Желаргы акиташ з-ду карьер түрүндө казып алууда. 1996-жылга карата калган запасы 652 миң т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]