Бороончулар

Википедия дан
Кап кептери (Daption capense).

Бороончулар (лат. Procellariiformes) — деңиз канаттууларынын тукуму. Дене узундугу 15-105 см, акчардакка окшош, үстүңкү тумшугунун учу төмөн карай ийилген, буту жаргакчалуу, жүнү жыш, тыгыз, канаттары субагай, узун. Бороончулар топтошуп аска-жарга уялашат. Алар океандын, деңиздин үстүндө талыкпай жакшы учуучу, сууда жакшы сүзүүчү, катуу бороон болорун алдынала сезүүчү канаттуулар. Бороончулар бирден жумуртка тууйт, 60 күнчө эркек-ургаачысы кезектешип басып, балапан чыгарат. Алар 4 айынан өзүнчө жем таап жегенге жарайт. Бороончулардын 24 уруусу жана 94 түрү белгилүү. Көбүнчө түштүк жарым шарда кеңири таралган. КМШ өлкөлөрүндө 13 түрү жашайт. Майда балыктар, моллюскалар, рак сыяктуулар жана башка суу жаныбарлары менен азыктанат

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]