Боспор мамлекети

Википедия дан
Боспор мамлекети.

Боспор мамлекети, Боспор Кара деңиздин түндүк жээгиндеги б. з. ч. 5-кылым б. з. 4-кылымында өкүм сүргөн байыркы мамлекет. Борбору Пантикапей (азыркы Керчь) шаары болгон. Боспор мамлекетинин гүлдөгөн мезгили б. з. ч. 4-3-кылымга туура келет. Ошол учурда Боспор мамлекети Грекия жана Кичи Азия менен соода жүргүзүп, аларга негизинен дан, ошондой эле мал, балык жана кулдарды саткан, Жерортолук деңиз жээгиндеги мамлекеттерден өзүнө кездеме, зайтун майын, металлдан жасалган асем буюмдарды алып турушкан. Өлкөдө дыйканчылык, мал чарбачылыгы, колөнөрчүлүгү абдан өнүгүп, анын экономикасы кулдардын, дыйкандардын жана көзкаранды калктын эмгегин пайдаланууга негизделген. Анын шаарлары Грекия менен Кичи Азиянын шаарларына окшош болгон. Археологиялык казууларда Боспор мамлекетинин аймагынан көптөгөн шаар урандылары, храмдар, күмбөздөр, чептер, асем металл буюмдары табылган. Б. з. ч. 2-кылымда анын социалдык-экономикалык абалы бир топ начарлаган. Б з. ч. 107-ж. Боспордо көзкаранды скифтердин жана Савмак башкарган кулдардын көтөрүлүшү чыккан. Көтөрүлүш басылгандан кийин Боспор мамлекети адегенде Понт падышасына баш ийип, кийин б. з. ч. 63-ж. Рим империясына көзкаранды болуп калган. Бирок Боспор мамлекети Римге көзкаранды болгонуна карабастан, өзалдынча саясат жүргүзүп, күмүш тыйындарды чыгарган жана б. з. 1-2-кылымында кайрадан гүлдөп өнүгүүгө жетишкен. Боспор мамлекетинин бийлиги Херсонеске жана Крымдын көпчүлүк бөлүгүнө чейин жеткен. Бирок ошол мезгилдеги кул ээлөөчүлүк доордун жалпы кризиси Боспор мамлекетинин да начарлашына алып келген. Б. з. 3-кылымында Боспор мамлекетинин аймагын варвар уруулары басып кире башташкан. 4-кылымдын аягындагы хунндардын жортуулу Боспор мамлекетинин биротоло жок болушуна алып келди.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]